Жакынкы Чыгыш өлкөрүнөн 3 миңдей жаран Кыргызстанга кайтты

Коом Загрузка... 11 Март 2026 16:20
66a78e3782682c6ff05a5ab4.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Жакынкы Чыгышта түзүлгөн кырдаалдан улам 3 миңдей кыргызстандык мекенге кайтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу брифинг учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, ТИМ жарандарды Кыргызстанга кайтаруу иштерин улантууда. Жакынкы күндөрү калган жарандардын келиши күтүлүүдө.

“Кыргызстанга буга чейин кайткандардын ичинен 426 жаран мамлекет уюштурган акысыз каттамдар менен келишкен. Ал эми калгандары өз алдынча учуп келишкен”,-деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жалсынынан 22 миңдин тегерегиндеги кыргызстандыктар бар деп белгиленген.