Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө 22 миңге жакын кыргызстандык бар – ТИМ

Коом Загрузка... 02 Март 2026 13:50
WhatsApp_Image_2026_7TFoALR.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 2.03.26 /Кабар/. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө 22 миңге жакын кыргызстандык бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдирди

Анын айтымында, оперативдүү штаб түзүлүп, түнү менен мониторингдер жүргүзүлгөн.

“Учурда абал туруктуу, жабыркагандар жок. Дубай шаарында жана Катарда туристтик максатта жүргөн, иштеген кыргыз жарандары көп.

Катарда 800гө жакын турист бар. Бириккен Араб Эмираттарында 10 миңге жакын жаран жүрөт.

Дубайдагы Башкы консулдук миңден ашуун кайрылууларга жооп беришкен. Ошондой эле аталган өлкөнүн Туризм департаментине кыргыз жарандарын мейманканаларга акысыз жашатуу үчүн билдирүүлөрдү жөнөтүлгөн.

Израилде менен Иранда 100 жаран бар.

Учурда ТИМ альтернативдүү жолдорду ойлонуп, этаптуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деди ал.