Жакарта дүйнөдөгү эң ири мегаполиске айланды

Дүйнө Загрузка... 20 Ноябрь 2025 10:10
WhatsApp Image 2025-11-20 at 08.39.20.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Индонезиянын борбору Жакарта дүйнөдөгү эң чоң шаарга айланды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

БУУнун “Дүйнөлүк шаарлардын келечеги 2025” аттуу жаңы отчетуна ылайык, Жакартада болжол менен 42 миллион адам жашайт.

Экинчи орунда Бангладештин борбору Дакка - 40 миллион адам, ал эми үчүнчү орунда Токио - 33 миллион адам.

БУУнун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө дүйнө калкынын жарымынан көбү — сегиз миллиарддан ашуун адамдын көбү шаарларда жашашат.

“1950-жылы 2,5 миллиард адамдын болгону 20 пайызы шаарларда жашачу. Азыр бул көрсөткүч кескин өстү”, — деп айтылат маалыматта.

Калкы 10 миллиондон ашкан мегаполистердин саны акыркы 50 жылда сегизден 33кө чейин өстү, алардын 19у Азияда жайгашкан.

Эң ири он мегаполистин ичинен Азиядан сырткары жайгашкан жападан жалгыз шаар — Каир.

БУУнун божомолу боюнча, 2050-жылга чейин калкы 10 миллиондон ашкан мегашаарлардын саны 37ге жетет. Бул тизмеге Аддис-Абеба, Дар-эс-Салам, Хаджипур жана Куала-Лумпур шаарлары кошулары күтүлүүдө.

Ал эми Мехико жана Чэнду сыяктуу кээ бир ири шаарлар калктын саны боюнча азайып баратканы байкалууда.