Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Окумуштуулар Сатурндун Энцелад спутнигинде жердеги микроорганизмдердин жашоосуна шарт болушу мүмкүн экенин эксперимент аркылуу изилдешти. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы жазды.
Изилдөөнү Мюнхендеги Людвиг жана Максимилиан университетинин, Регенсбург университетинин жана Берлиндеги Эркин университеттин окумуштуулары жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы Science Advances журналына жарыяланган.
Адистер лабораторияда Энцеладдын муз катмарынын алдындагы океандын түбүндө болушу мүмкүн болгон шарттарды түзүшкөн. Ал чөйрөгө Жердеги терең суу астындагы гидротермалдык булактардын жанында жашаган Methanothermococcus okinawensis аттуу архея микроорганизми жайгаштырылган.
Эксперимент учурунда микроорганизм жасалма чөйрөдө өсүп, метан өндүрүүнү уланткан. Ал тоо тектери менен суунун өз ара аракеттенүүсүнөн пайда болгон суутекти энергия булагы катары колдонуп, көмүр кычкыл газынын өтө төмөн концентрациясына да ыңгайлаша алган.
Окумуштуулар бул жыйынтык Энцеладда жашоо бар экенин далилдебей турганын белгилешет. Изилдөө спутниктин геохимиялык шарттары Жердеги айрым микроорганизмдерге мүнөздүү зат алмашууну камсыздай аларын гана көрсөтөт.
Энцелад астробиологиялык изилдөөлөр үчүн Күн системасындагы кызыктуу объекттердин бири болуп саналат. Cassini аппараты спутниктин муз катмарынын алдында суюк океан бар экенин аныктаган. Ошондой эле анын бетинен чыккан заттардын курамынан суутек, метан, көмүр кычкыл газы жана органикалык кошулмалар табылган.