SpaceX космос кемесин Жердин орбитасына учурду

Дүйнө 29 сентябрь 2026 09:10
SpaceX космос кемесин Жердин орбитасына учурду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. SpaceX компаниясынын Starship космос кемеси биринчи жолу Жердин орбитасына чыгып, Starlink спутниктерин жайгаштырды, деп Kaзинформ ВВС’ге шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, кеме 28-сентябрда Техастагы Starbase космодромунан учту. Бул Starship’тин 14-сыноочу учушу болду. Мурунку бардык учуруулар суборбиталдык болгон.

Учурулгандан жарым саатка жетпеген убакыт өткөндөн кийин, космос кемеси биринчи жолу Жердин орбитасына чыкты.

Starship мында 26 Starlink V3 спутнигин ийгиликтүү жайгаштыктырды.

Учуу экипажсыз аткарылды.