Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом штаттагы өлүм жазасына тартылган бардык соттолуучулардын өкүмүн өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштыра турганын жарыялады. Бул туурасында Анадолу агенттиги билдирди.
Ньюсом калифорниялыктарга ачык кат жөнөтүп, анда штаттагы өлүм жазасына тартылган бардык соттолуучулардын тагдырын түбөлүк абак менен алмаштыруу боюнча конституциялык укугун колдонуу чечимин билдирген.
Губернатор өлүм жазасына дээрлик 30 жылдан бери каршы экенин, бул Калифорния карманган баалуулуктарга карама-каршы келерин билдирген.
АКШнын маалымат каражаттары бул аймакта өлүм жазасы акыркы жолу 20 жыл мурун аткарылганын билдиришүүдө. Калифорния өлкөдө эң жогорку жазага кесилгендердин саны боюнча алдыда турат.
Губернатор Ньюсомдун чечими 548 соттолуучуга таасир этет деп күтүлүүдө.