Кытай 5 миң метрге жакын тереңдикте бургулоо иштерин жүргүзүп, рекорд койду

Дүйнө 29 сентябрь 2026 09:35
Кытай 5 миң метрге жакын тереңдикте бургулоо иштерин жүргүзүп, рекорд койду

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.09.26 /Кабар/. Кытайдын “Мэнсян” океандык бургулоо кемеси Түштүк Кытай деңизинде дээрлик 5 миң метр тереңдикке жетип, өлкөнүн рекордун жаңылады. Бул тууралуу Синьхуага таянуу менен Казинформ билдирди.

Маалыматка ылайык, экспедициянын жүрүшүндө окумуштуулар океандын тереңиндеги бассейнден базальттын үлгүлөрүн алышкан.

Кытайда иштелип чыккан бургулоо жабдууларынын жардамы менен узундугу 4,27 метр болгон базальт үлгүсү алынган. Муну менен Кытай АКШ жана Япониядан кийин бургулоо кемеси аркылуу тереңден катуу тектердин үлгүлөрүн алган үчүнчү өлкө болду.

Изилдөөдө ошондой эле терең сууда иштеген алыстан башкарылуучу аппараттар колдонулган. Алар 4 миң метрге жакын тереңдикте жалпысынан 358 сааттан ашык иштеген.

Алынган үлгүлөр жана маалыматтар Түштүк Кытай деңизинин кеңейүү процесстерин, байыркы деңиз чөйрөсүнүн эволюциясын, ошондой эле өтө тереңдиктеги энергетикалык ресурстарды изилдөөдө колдонулат.

Экспедицияга тогуз илимий мекемеден 170 изилдөөчү катышкан.

“Мэнсян” океандык бургулоо кемеси Кытайда 2024-жылы пайдаланууга берилген.