Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Сауд Аравиясы мунайды Ормуз кысыгын айланып өтүүчү түтүк аркылуу ташууну кайра жандандырды. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик Saudi Aramco компаниясы мунайды чет өлкөлүк рынокторго жөнөтүү үчүн Чыгыш–Батыш багытындагы мунай түтүгү аркылуу ташый баштады. Азырынча мунай чектелген көлөмдө жеткирилүүдө.
Узундугу болжол менен 1 миң 200 чакырым болгон түтүк Сауд Аравиясынын чыгышындагы мунай кендерин Кызыл деңиздин жээгиндеги Янбу порту менен байланыштырат. Ал суткасына 7 млн баррелге чейин мунай ташууга ылайыкталган.
Бул маршрут Сауд Аравиясына мунайды Ормуз кысыгы аркылуу өткөрбөстөн, Кызыл деңиздеги порт аркылуу экспорттоого мүмкүндүк берет.