Дүйнөлүк рынок: Мунайдын баасы жогору бойдон калууда

Дүйнө
Дүйнөлүк рынок: Мунайдын баасы жогору бойдон калууда

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы жогору бойдон калууда.

Интерфакс маалымдагандай, Лондондун ICE Futures биржасында Brent мунайынын баасы 2,57 долларга (2,36%) жогорулап, баррелине 111,39 долларды түздү.

Бул убакытка чейин NYMEX биржасында WTI мунайынын баасы 1,19 долларга (1,22%) жогорулап, баррелине 98,34 доллар болду.

Brent мунайынын баасы май айынан берки эң жогорку көрсөткүчкө, баррелине 112,68 долларга чейин көтөрүлүп, ал эми WTI баррелине 100,09 долларга жеткен болчу.