Кайрадан күн жылыйт – Бишкекте күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 07 Февраль 2026 15:10
WhatsApp_Image_2026_nLKh5gI.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Жакынкы күндөрү Бишкекте аба ырайы туруксуз болот — жаан-чачын жана сууктан кийин кайрадан күн жылыйт, деп билдиришет синоптиктер.

7-февралда күндүз абанын температурасы +2...+4 градус жылуу болуп, айрым жерлерде кар аралаш жамгыр жаашы мүмкүн. Түндө температура -3...-5 градуска чейин төмөндөйт.

8-февралдан тарта күн акырындап жылый баштайт. Күндүз абанын температурасы +7...+9 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн -0...-2 градус жылуу болору күтүлүүдө.

9-10-февраль күндөрү Бишкекте күн ачык болуп, жылуу аба ырайы күтүлөт. Күндүз термометрдин көрсөткүчү +12...+15 градуска чейин көтөрүлүп, түнкүсүн +1...+3 градус жылуу болот.

11-февралда кайрадан жаан-чачын болушу ыктымал, күндүз +7...+9 градус жылуу, түнкүсүн 0...+2 градустун тегерегинде болот.

12-13-февраль күндөрү күн ачык болуп, бирок ала булут каптап турат, олуттуу жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз абанын температурасы +7...+11 градус жылуу болсо, түнкүсүн 0...-2 градуска чейин төмөндөйт.

Синоптиктер белгилегендей, айрым күндөрү кыска мөөнөттүү жаан-чачын болгонуна карабастан, жума ичинде борбор калаада абанын температурасы акырындап жогорулайт.