Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы жолдордун сапаты боюнча подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.
Министрликтен билдиришкендей, анда 2026-жылы курулуп, пайдаланууга берилген жолдордун абалы жана буга чейин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары каралды.
Министр жол курууда белгиленген курулуш ченемдерин жана талаптарын так сактоону, аткарылган иштердин сапатына жоопкерчиликтүү мамиле кылууну талап кылды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу жана жолдорду талаптагыдай абалга келтирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Ал эми министрликтин түзүмүндөгү тиешелүү кызматкерлерге жолдордун сапатын тыкыр көзөмөлдөө талабын койду.
Белгилей кетсек, буга чейин министрдин тапшырмасы менен Ош шаарында 2026-жылы курулуп, капиталдык оңдоодон өткөн жолдордун сапатын текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, бир катар жол тилкелери лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөн.
"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтер боюнча подряддык уюмдарга административдик чаралар көрүлүп, айып пулдар салынган. Мындан тышкары, кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилген", - деп белгилешти министрликтен.