Мэр Бишкекте жол салуу иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды

Коом 29 сентябрь 2026 09:15
Мэр Бишкекте жол салуу иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Элебесов, Миңжылкыев жана Иманалиев көчөлөрүн реконструкциялоонун жүрүшү каралып, инфраструктуралык долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү тапшырылды.

Мэриядан билдиришкендей, маселе Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев төрагалык кылган Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйынында каралды.

Жыйында жол куруу, инженердик коммуникацияларды которуу жана жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Айрым объектилерде иштерди белгиленген мөөнөттө аткарбагандыгына байланыштуу подряддык уюмдар алмаштырылганы айтылды.

Мэр тиешелүү кызматтарга подряддык уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтүп, иштердин сапатына жана аткаруу мөөнөтүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле подряддык уюм алмашкан учурда чечимдин негиздерин, аткарылган иштердин абалын жана өз ара эсептешүүлөрдү документ түрүндө каттоо милдеттендирилди. Жыйындын жыйынтыгы боюнча жооптуу кызматтарга протоколдук тапшырмалар берилди.