Жаан-чачын күтүлбөйт – 23-февралга карата аба ырайы

Коом 23 февраль 2026 09:10
Жаан-чачын күтүлбөйт – 23-февралга карата аба ырайы
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-февралда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +7...+12, Талас облусунда +6...+11, Ош, Жалал-Абад облустарында +13...+18, Баткен облусунда +12...+17, Ысык-Көл облусунда+2...+7, Нарын облусунда -3...+2 градуска чейин жылуу болот.

Ошондой эле Бишкекте +10...+12, Ош шаарында +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт.