Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору ата-энелерге жай мезгилинде балдардын туура тамактануусу маанилүү экенин эскертти.
Адистердин айтымында, ысык аба ырайында жана жайкы каникул учурунда балдар көп кыймылдап, суюктукту жана пайдалуу микроэлементтерди активдүү жоготушат. Андыктан, алардын рациону жеңил, ар түрдүү, азыктандыруучу жана витаминдерге бай болушу зарыл.
Ата-энелер үчүн тамактануу режимин сактоого жана баланы керектүү белоктор, майлар, углеводдор, клетчатка, витаминдер жана минералдар менен камсыз кылууга жардам берген бир жумалык менюнун үлгүсү даярдалды.
Сунушталган рацион күнүнө беш маал тамактанууну карайт: эртең мененки тамак, шам-шум, түшкү тамак, бешим тамак жана кечки тамак. Менюга сезондук жашылча-жемиштер, дан өсүмдүктөрү, балык, буурчак, майлуу эмес эт жана сүт азыктары кирген.
Мындан тышкары, адистер балдарды тамак даярдоо процессине тартууну сунушташат. Бул аларга азыктарды тандоого, жөнөкөй тамактарды жасоого катышууга жана аларды кооздоого мүмкүнчүлүк берет. Мындай ыкма тамак жасоону кызыктуу үй-бүлөлүк оюнга айлантып, балада дени сак тамактанууга болгон кызыгууну арттырат.
Ошону менен бирге, медиктер бир жумага карата менюну алдын ала пландаштырууну, үй даярдыктарын колдонууну жана өзгөчө ысык күндөрү баланын таза сууну жетиштүү өлчөмдө ичишин көзөмөлдөөнү сунушташат.
“Тамактанууга мындай мамиле кылуу баланын бүгүнкү ден соолугуна кам көрүү гана эмес, өмүр бою туура тамактануу адаттарын калыптандырууга кошулган салым болуп саналат”, — деп белгилешти борбордон.
Бир жумалык аш тизмесинин үлгүсү:
Дүйшөмбү:
- Эртең мененки тамак: брокколи жана сарымсак кошулган омлет.
- Шам-шум: алма жана бир ууч бадам.
- Түшкү тамак: төө буурчак жана түстүү капуста кошулган тоок шорпосу; күрүч менен бууга бышырылган тоок эти.
- Бешим тамак: грек жаңгагы кошулган ашкабак куймагы.
- Кечки тамак: картошка форель балыгы, бадыраң жана помидор салаты.
Шейшемби:
- Эртең мененки тамак: өрүк кошулган быштак көмөчү (запеканка).
- Шам-шум: каймак жана сарымсак соусу менен сабиз таякчалары.
- Түшкү тамак: капуста кошулган борщ, голубцы.
- Бешим тамак: банан коктейли.
- Кечки тамак: жашылчалар менен маш, кургатылган жемиштерден компот.
Шаршемби:
- Эртең мененки тамак: жумуртка, сыр жана көк чөп менен гречка боткосу.
- Шам-шум: алмурут жана кешью жаңгагы.
- Түшкү тамак: камыр тоголоктору кошулган балык шорпосу, жашылча кошулган картошка пюреси.
- Бешим тамак: быштак суфлеси.
- Кечки тамак: төө буурчактан жасалган суюк тамак жана нан.
Бейшемби:
- Эртең мененки тамак: шабдалы менен сулу боткосу (овсянка).
- Шам-шум: бал кошулган быштак.
- Түшкү тамак: ашкабак кошулган буурчак шорпосу; тоок эти жана жашылчалар менен толтурулган таттуу калемпир (фаршированный перец).
- Бешим тамак: алма-сабиз куймагы.
- Кечки тамак: балык, сыр жана грек жаңгагы кошулган кызылча салаты.
Жума:
- Эртең мененки тамак: кабачоктон куймак.
- Шам-шум: жаңгак жана кара өрүк кагы (чернослив).
- Түшкү тамак: жашыл щи шорпосу же жашылча соусу менен тефтели.
- Бешим тамак: кулпунай шербети.
- Кечки тамак: төө буурчак менен жашылча рагусу.
Ишемби:
- Эртең мененки тамак: сырниктер.
- Шам-шум: жемиштер кошулган йогурт.
- Түшкү тамак: фрикаделька кошулган балык шорпосу, гречка менен бууга бышырылган үндүк эти.
- Бешим тамак: сабиз драниктери.
- Кечки тамак: картошкадан жасалган жеңил тамак, бир стакан айран.
Жекшемби:
- Эртең мененки тамак: кожогат кошулган быштак көмөчү.
- Шам-шум: кургатылган жемиштердин аралашмасы (өрүк кагы, мейиз, курма).
- Түшкү тамак: төө буурчак кошулган сүт шорпосу, күрүч менен тоок эти.
- Бешим тамак: карагат суфлеси.
- Кечки тамак: балык жана түстүү капуста менен бышырылган көмөч, жаңы жашылчалардан жасалган салат.