Медицина кызматкерлери үчүн санариптик окуу программасы ишке кирди

Ден соолук 29 сентябрь 2026 09:40
Медицина кызматкерлери үчүн санариптик окуу программасы ишке кирди
copyright icon WWW

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда медицина кызматкерлерин кесиптик ишин үзгүлтүккө учуратпастан санариптик технологияларга окутуу боюнча алгачкы адистештирилген программа ишке кирди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, программа болжол менен 40 миң медицина кызматкерин камтыйт.

Программанын алкагында саламаттык сактоонун санариптик системалары менен иштөө жана медициналык маалыматтарды алмашуу боюнча окуу-усулдук комплекс иштелип чыкты. Окутууда практикалык сабактарга, санариптик гигиенага, жеке жана медициналык маалыматтарды коргоого, ошондой эле аккаунттардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.

Программа Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун билим берүү платформасына жайгаштырылды. Курстарды аяктагандарга кредит-сааттар эсептелет.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадиалиевдин айтымында, окутууну санариптик форматта жүргүзүү медицина кызматкерлеринин ишин үзгүлтүккө учуратпастан, мүмкүн болушунча көп адисти камтууга шарт түзөт.

Окуу-усулдук комплекс ДССУнун колдоосу менен БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары фондунун биргелешкен программасынын алкагында иштелип чыккан.