Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Гемоконтакттык вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордо СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата ачык эшиктер күнү өтөт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
Иш-чаранын алкагында саат 10:00дөн 16:00гө чейин келгендер ВИЧке шилекей аркылуу акысыз тест тапшырып, квалификациялуу адистерден кеңеш ала алышат. Ошондой эле ВИЧтин алдын алуу боюнча маалымат алышат.
Дареги: Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 8.