Кулак, мурун жана тамак ооруларын аныктоо: Аймактарга 18 ЛОР-комбайн берилди

Ден соолук

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. 18 заманбап ЛОР-комбайн өлкөнүн 16 медициналык уюмунда бейтаптарга кызмат көрсөтүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиген билдиришкендей, бекитилген бөлүштүрүү планынын негизинде өлкөнүн 16 медициналык уюмуна 18 заманбап ЛОР-комбайн жеткирилип, орнотулуп, ишке киргизилди.

Учурда дарыгерлер жаңы жабдууларды бейтаптарды текшерүүдө, кулак, мурун жана тамак ооруларын аныктоодо жана дарылоодо колдонуп жатышат.

Жабдуулар Бишкек жана Ош шаарларындагы, ошондой эле Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы медициналык мекемелерге берилди.