Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө жалпы наркы 68 млн 144 миң 792 сомдук заманбап медициналык жабдуулар орнотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жабдуулар "Sharjah Charity International" жана "Ихсан-Хайрия" кайрымдуулук фонддорунун колдоосу менен жеткирилип, 2026-жылдын башында пайдаланууга берилген.
Жаңы жабдуулар көз ооруларын так аныктоого жана дарылоого, анын ичинде катарактаны факоэмульсификациялоо жана витреоретиналдык хирургия операцияларын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Улуттук госпиталдын маалыматына ылайык, бөлүмдө учурда жылына орточо 1,5-1,8 миң операция жасалат. Жаңы жабдуулар менен бул көрсөткүчтү жылына 3-3,5 миң операцияга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.