Диетолог эрте картаюуга себеп болгон азыктарды атады

Ден соолук 25 сентябрь 2026 14:50
Диетолог эрте картаюуга себеп болгон азыктарды атады
copyright icon WWW

Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Айрым азыктар организмдин эрте картаюусуна себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу диетолог Жулиана Андраде айтып, анын сөздөрүн Lenta.ru жазды

Адистин айтымында, картаюуну тездетүүчү факторлордун бири — тамак-ашта канттын ашыкча болушу. Ал торт, печенье, түрдүү таттууларда жана газдалган суусундуктарда көп кездешет.

Ошондой эле диетолог фастфуд сыяктуу азыктарда кездешүүчү транс майларды колдонууну чектөөнү сунуштады.

"Мындан тышкары, бекон, колбаса жана ветчина сыяктуу кайра иштетилген эт азыктарын колдонуу да организмдин эрте картаюусуна таасир этиши мүмкүн", - деди ал.

Адистин айтымында, алкоголь ичимдиктери кычкылдануу стрессине, организмдин суусузданышына жана уйкунун сапатынын начарлашына алып келиши мүмкүн. Ал Түнкүсүн жетиштүү уктоо маанилүү экенин айтып, уйку учурунда организмде калыбына келүү процесстери жүрөрүн белгиледи.