Кыргызстандын бардык аймактарынан келген миңден ашуун катышуучу айыл чарба продукцияларын, заманбап техникаларды жана санариптик өнүгүүлөрдү “АгроТехЭкспо–2026” көргөзмөсүндө жана “Алтын күз” жарманкесинде көрсөтүшөт. Иш-чаралар 23-25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт. Көргөзмөлөргө фермерлер, өндүрүүчүлөр, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр жана агрардык бизнес өкүлдөрү катышат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул иш-чаралар Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулууда. Катышуучулар өз продукцияларын көрсөтүп, жаңы ишкер өнөктөштөрдү табууга, кызматташуунун келечегин талкуулоого жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган заманбап технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Айыл чарба техникасынан тартып космостук технологияларга чейин
Быйылкы көргөзмөнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири — айыл чарбасын санариптештирүүгө, илимге жана инновацияларга арналган өзүнчө аянтчанын уюштурулушу. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кырдаалдык талдоо жана изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Эрбол Замирбеков “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, көргөзмөгө келгендер жайыттарга жана айыл чарба жерлерине мониторинг жүргүзүүгө арналган көп спектрлүү дронду көрө алышат. Ошондой эле фермерлер үчүн иштелип чыккан санариптик платформалар менен таанышышат. Мындан тышкары, көргөзмөдө Кыргызстандын Улуттук спутнигинин прототиби көрсөтүлөт.
Космостук технологияларды колдонуу айыл чарба жерлеринин, жайыттардын жана суу ресурстарынын абалын көзөмөлдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Келечекте спутниктен алынган маалыматтар өсүмдүктөрдүн абалын баалоого, айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү байкоого жана айыл чарба иштерин пландаштыруу үчүн кошумча маалымат алууга пайдаланылышы мүмкүн.

“Быйыл биз биринчи жолу санариптештирүү жана инновациялар боюнча өзүнчө бөлүм уюштуруп жатабыз. Анда заманбап технологиялар жана илим жаатындагы жетишкендиктер көрсөтүлөт. Көргөзмөгө келгендер спутник, анын максаты жана аткара турган милдеттери тууралуу маалымат ала алышат. Ошондой эле жасалма интеллекттин негизинде иштеген кытайлык компаниянын айыл чарба техникасы көрсөтүлөт. Ал талаанын параметрлери киргизилгенден кийин айдоочусуз эле айыл чарба иштерин өз алдынча аткара алат.
Көргөзмөнүн дагы бир бөлүгү — фермерлер үчүн иштелип чыккан iDiykan санариптик платформасы. Көргөзмөгө келгендер анын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, адистерден кеңеш алып, платформага каттала алышат. Көргөзмөнүн биринчи үч күнүндө каттоодон өткөн алгачкы 100 адамга белектер берилет”, — деди Эрбол Замирбеков.
Бул тиркеме аркылуу фермерлер өздөрүнө керектүү кызматты тандап, электрондук арызды толтуруп, жөнөтө алышат. Ошондой эле арыздын каралып жаткан абалын жеке кабинети аркылуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
Платформанын негизги максаты — айыл чарба кызматтарын алуу жол-жоболорун жеңилдетүү, кагаз түрүндөгү документтерди чогултуп, тапшыруу зарылдыгын азайтуу жана фермерлердин убактысын үнөмдөө.

Өлкө аймактарынан келген фермерлер жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
Замирбековдун айтымында, көргөзмөгө Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашуун катышуучу келет. Өлкөнүн 40 районунан келген фермерлер өз продукцияларын көрсөтүшөт.
“Көргөзмө-жарманкелердин негизги максаты — айыл чарба тармагындагы бардык катышуучуларды бир аянтчага чогултуу. Алардын катарына айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдөн тартып, аны кайра иштетүүчүлөр жана экспорттоочуларга чейин кирет. Бул фермерлерге ишкер өнөктөштөр менен түз байланыш түзүүгө, чийки зат жеткирүү маселелерин талкуулоого, өз продукциясына сатып алуучуларды табууга жана айыл чарба техникаларын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алууга шарт түзөт. Ошондой эле көргөзмө өтүүчү жайда банктардын өкүлдөрү иш алып барышат. Алар айыл чарбасына берилүүчү насыялар жана лизинг программалары тууралуу маалымат беришет.
Мындан тышкары, асыл тукум мал чарбачылыгына арналган өзүнчө бөлүм уюштурулат. Катышуучулар ал жерде көрсөтүлгөн мал-жандыктарды көрүшүп, аларды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай алышат”, — деп белгиледи ал.

Ошентип, көргөзмө айыл чарба продукциялары менен техникаларын көрсөтүүчү жай гана болбостон, фермерлердин, кайра иштетүүчүлөрдүн, экспорттоочулардын, жабдууларды жеткирүүчүлөрдүн жана каржы уюмдарынын ортосунда ишкердик байланыштарды түзүүгө да мүмкүнчүлүк берет.
“Алтын күз”: фермерлерден түз сатылган азык-түлүктөр
Иш-чаралардын дагы бир бөлүгү — “Алтын күз” жарманкеси. Анда ата мекендик өндүрүүчүлөр жашылча-жемиштерди, эт жана сүт азыктарын, бал, дан өсүмдүктөрүн жана айыл чарба чийки заттарынан кайра иштетилип даярдалган азыктарды сунушташат.

Бул жарманкеде борбор калаанын тургундары жана коноктору азык-түлүктөрдү түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн социалдык баада сатып ала алышат. Күтүлгөндөй, бул баалар базардагы баалардан төмөн болот. Мындан тышкары, сатып алуучулар үчүн Кыргызстанда өстүрүлгөн органикалык азыктар өзүнчө бөлүмдө сунушталат.
“Эттин бир килограммын 770 сомдон сатуу пландалууда. Ошондой эле Кыргызстанда өстүрүлгөн органикалык продукциялар үчүн өзүнчө бөлүм уюштурулат. Фермерлер үчүн жарманкеге катышуу — өстүргөн түшүмүн сатуу гана эмес, шаар тургундарына сапаттуу продукцияны жеткиликтүү баада сунуштоо мүмкүнчүлүгү”, — деди Эрбол Замирбеков.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан келген жарманкенин катышуучусу Гүлмира Үтөнова төрт жылдан ашык убакыттан бери көргөзмөгө картошка алып келип сатат. Быйыл ал картошканын “Пикассо”, “Джелли” жана “Невский” сыяктуу бир нече түрүн сунуштоону пландап жатат.

“Уюштуруучулар жыл сайын фермерлерге жана Бишкек шаарынын тургундарына жакшы шарттарды түзүп беришет. Мен картошканы шаардагы базарларга караганда арзаныраак сатууга аракет кылам. Ошондо эл сапаттуу продукцияны сатып алып, акчасын да үнөмдөй алат. Быйыл картошканын бир килограммын болжол менен 25 сомдон сатууну пландап жатам. Мен үчүн түшүмүмдү сатуу гана эмес, элге да пайда алып келүү маанилүү”, — деди ал.

Гүлмира Үтөнованын айтымында, буга чейинки жылдары жарманкенин үч күнүндө алты тоннага жакын картошка сата алган. Быйыл да картошкасына суроо-талап жакшы болот деп үмүттөнүүдө. Ошол эле учурда фермерлер үчүн түшүмдүн канча көлөмдө сатылганы гана эмес, аны кандай баада сатуу да маанилүү. Анткени түшүмдү сатуудан түшкөн пайда анын баасына түздөн-түз байланыштуу.