Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. 23–25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөн “АгроТехЭкспо – 2026” айыл чарба көргөзмөсүнө жана “Алтын күз” азык-түлүк жарманкесине 50 миңден ашык адам келди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманкеге өлкөнүн 40 районунан 300гө жакын дыйкан-фермер жана 100гө жакын кайра иштетүүчү ишкана катышты. Алар өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрдү элге сунушташты.
Үч күндүн ичинде 29 тонна органикалык азык сатылды. Ошондой эле уйдун сөөктүү этинин килограммы 680 сомдон сатылып, эл жалпы 6 тонна эт сатып алды.
Асыл тукум мал чарбасы көргөзмөсүнө 28 асыл тукум чарбасы катышты.
Инновация, илим жана санариптештирүү көргөзмөсүндө дыйкандын санарип жардамчысы iDyikan платформасы тууралуу 700 адамга кеңеш берилип, 300 дыйкан-фермер тиркемеге катталды.
Ошондой эле көргөзмөдө айыл чарба техникаларынын 17ден ашуун түрү көрсөтүлдү.
Ал эми адистер тарабынан жайыттарды жакшыртуу, тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана малды жасалма уруктандыруу боюнча маалыматтар берилди.