Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "АгроТехЭкспо-2026” агроөнөржай көргөзмөсүнүн ачылышында алдыда айыл чарба багытында арбын милдеттер турганын билдирди.
Министрдин белгилешинче, өсүмдүктөрдүн айдап-себүү аянтын 1 млн 300 миң гектарга жеткирүү, 38 миң тонна үрөн даярдоо, ага болгон муктаждыктын 30 пайызын жабуу, жыл сайын 20 млн көчөт даярдоо максаты коюлган.
"Жайыттарга үрөн себүү иштерин жүргүзүү жана ар бир райондо тоют базаларын уюштуруу, өндүрүлгөн чийки продукциянын 25 пайызын кайра иштетүү максатында 385 ири ишкана, 40 соода-логистикалык борборлорду, 180 жашылча-жемиш кампаларын, 40 материалдык-техникалык ресурстарын сактоо кампаларын ишке киргизүү каралууда. Кластердик өндүрүш ыкмасын мындан ары жайылтуу, айыл чарба продукциясынын экспортун 2 эсе көбөйтүү зарыл", - деди министр.
Ошондой эле Эрлист Акунбеков 2030-жылга чейин 60 миң гектарга тамчылатып сугаруу системасын орнотуу жана жаңы 3 мин 279 гектар сугат жерлерин ишке киргизүү, 6 миң 969 гектар жердин сугат суу менен камсыздоосун жогорулатуу керектигин айтты.