Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Бишкектин төрт районунда ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү айыл чарба жарманкелери өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жарманкелерде ата мекендик өндүрүүчүлөр өз продукцияларын ортомчуларсыз, түздөн-түз сатып алуучуларга сунушташат. Тургундар азык-түлүктөрдү жеткиликтүү баада сатып ала алышат.
Жарманкелер төмөнкү даректерде уюштурулат:
- Биринчи май району: Т.Усубалиев атындагы эски аянт. Саат 09:00дөн 17:00гө чейин;
- Ленин району: Тыналиев көчөсү, 38 (Абдулкерим Сатык Буурахан мечитинин батыш тарабы). Саат 09:00дөн 19:00гө чейин;
- Октябрь району: А.Токомбаев көчөсү, 21/1Б. Саат 08:00дөн 18:00гө чейин;
- Свердлов району: Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши, Фере көчөсү, 33/1а (мурдагы мал базардын аймагы). Саат 07:00дөн 15:00гө чейин.
Иш-чаралар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте уюштурулууда.
Жарманкелердин максаты – жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу.