Бишкекте жайга чейин арзан азык-түлүк жарманкелери өтөт: Даректер

Коом
Бишкекте жайга чейин арзан азык-түлүк жарманкелери өтөт: Даректер

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Жайга чейин Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкеде эт, сүт азыктары, жашылча-жемиштер жана башка күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк товарлары сунушталат.

Өткөрүлүүчү даректер:

  • Биринчи май району: 7-8 ноябрдан баштап Т.Усубалиев атындагы аянтта июнь айына чейин ар ишемби, жекшемби күндөрү өткөрүлөт;
  • Ленин району: 6-7-8 ноябрдан тартып Жал кичи району. Миңжылкиев- Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде ар жума, ишемби, жекшемби күндөрү өткөрүлөт.

Жарманкелер жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын түз сатууга мүмкүнчүлүк түзүп, ортомчулук чыгымдарды азайтууга, ата мекендик фермерлерди колдоого жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыздоого багытталган.