Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Бишкекте "АгроТехЭкспо-2026" көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтүүдө.
Берекелүү күздө мол түшүмүн жыйнаган дыйкан-фермерлер, айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишкерлер жарманкеге катышууда.
Мында айыл чарба товарлары арзан баада сунушташууда.
Иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта 23-октябрдан 25-октябрга чейин уюштурулууда.
Жарманкенин жүрүшүн "Кабар" агенттигинин сүрөтчүсүнүн сүрөттөрүнөн көрүүгө болот.