Жайыттарга жылына 100 миң гектарга үрөн себүү тапшырылды

Коом
Жайыттарга жылына 100 миң гектарга үрөн себүү тапшырылды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда жайыттарда үрөн себилген аянтты жылына 10 миң гектардан 100 миң гектарга чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, жайыттарга үрөн акыркы жолу 1970-жылы себилген жана бул иш 2021-жылы кайра башталган.

"Мен бул көлөмдү 100 миң гектарга чейин көбөйтүү боюнча тапшырма бергем. Эгерде биз 15-20 жыл бою себүүнү улантсак гана жайыттарды толук калыбына келтире алабыз", - деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле фермерлерге малдын пайдалуу түрүн көбөйтүү үчүн жылына 3% менен насыялар берилип жатканын белгиледи.

Учурда программа күчүндө жана дыйкандар бул мүмкүнчүлүктү активдүү пайдаланып жатканы айтылды.