Ным топтоо: Республика боюнча күзгү сугат иштери уланууда

Коом
Ным топтоо: Республика боюнча күзгү сугат иштери уланууда
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын 26-октябрына карата сугат суу берүү планы 80% аткарылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, быйыл жаан-чачын көп болгондуктан, топурак нымдуу болуп, сууга болгон муктаждык азайды.

"Республика боюнча 6 млрд 271,36 млн куб метр суу берүү пландалып, иш жүзүндө 5 млрд 52,71 млн куб метр суу берилди. Сугаруу пландалган 3 млн 680,84 миң гектар жердин 2 млн 905,06 миң гектары сугарылды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда күздүк себүү алдындагы жана күзгү ным топтоо сугат иштери уланууда. Анын ичинен 136,618 миң гектары күзгү ным топтоо сугатына, 62,190 миң гектары күздүк себүү алдындагы сугатка туура келет.