Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. "Кыргыз Экспорт" борбору жемиштерди, мөмөлөрдү жана жашылчаларды өндүргөн ишканалар үчүн экспорттук акселерация программасын ишке киргизет.
Мекеменин маалыматына караганда, анын максаты — ата мекендик продукцияны Европа биримдигинин жана Бириккен Араб Эмираттарынын рынокторуна чыгарууга көмөктөшүү.
Программанын алкагында жаңы түшүм өстүргөн жана тоңдурулган продукция чыгарган чакан жана орто бизнестин 15 ишканасы тандалат.
Катышуучуларга өндүрүштү эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу, тамак-аш коопсуздугу боюнча системаларды киргизүү, кызматкерлерди окутуу жана сертификаттоого даярдануу боюнча эксперттик колдоо көрсөтүлөт.
"Программаны 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында ишке ашыруу пландалууда. Ага жемиштерди, мөмөлөрдү жана жашылчаларды өндүргөн, ошондой эле аларды тоңдурууга адистешкен ата мекендик ишканалар катыша алышат", - деп айтылат маалыматта.