Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Бишкектеги "Акниет" борборунда жаңы оюн жана спорт аянтчалары ачылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аянтчалардын жалпы аянты 799 чарчы метрди түзөт.
Оюн аянтчасы воркаут жабдуулары жана балдарды күндөн, жаан-чачындан коргоочу бастырма менен жабдылган. Ошондой эле футбол, баскетбол жана волейбол ойноого ылайыкталган универсалдуу спорт аянтчасы уюштурулган.
Жаңы аянтчалар балдардын спорт менен машыгуусуна, активдүү эс алуусуна жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзөт.
Белгиленгендей, учурда "Акниет" борборунда турмуштук оор кырдаалга кабылган 26 бала убактылуу жашап жатат. Борбор балдарга социалдык, психологиялык, медициналык жана юридикалык жардам көрсөтөт.