Ысык-Көлдө балыктарды көбөйтүү иштери башталды

Аймак

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда көлдүн жилиңгиринен (форель) икра алынып, жасалма уруктандыруу жана атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.