Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда таза суу маселеси 3 жылдын ичинде толук чечилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чраба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тору-Айгыр айылында курулган таза суу объектисинин ачылышында билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдан тартып Таза суу системасы департаменти министрликтин карамагына өткөрүлүп, бул тармакта системалуу жана масштабдуу иштер башталган. Мурда таза суу маселеси жетиштүү деңгээлде каралбай, айрым аймактарда система такыр жок болгон, республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөй, негизинен тышкы донорлордун эсебинен гана иш жүргөн.
"Акыркы эки жылдын ичинде биз бул жоопкерчиликти толугу менен ө мойнубузга алдык. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 600 айылда таза суу системаларын куруу иштери башталды. Бул — мамлекеттин элдин турмуш сапатын жакшыртууга багытталган приоритеттүү саясатынын жыйынтыгы», — деди Бакыт Төрөбаев.
Министр белгилегендей, таза суу жана саркынды суу объекттерин куруу жана модернизациялоо иштери президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кабыл алынган 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. 2021-жылдан бери бул тармакка республикалык бюджеттен жана инвестициялык булактардан жалпы 512 млн доллар тартылган.
"Учурда 600 айылда жана 25 шаарда курулуш долбоорлору иштелип чыгып, 40 айылда таза суу системалары курулууда. Ошондой эле 3 шаарда саркынды сууларды чыгаруу үчүн канализациялык системалар салынууда. Ысык-Көл облусу боюнча учурда 72 айылда таза суу маселеси толук чечиле элек. Алардын ичинен 15 айыл Ак-Суу районунда жайгашкан. Калган айылдар боюнча техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, экспертизадан өткөрүлүүдө. Үч жылдын ичинде Ысык-Көл облусундагы таза суу маселеси толук чечилет", - деди ал.