Ысык-Көлдө 600 үй-бүлө таза суу менен камсыз болду

Аймак Загрузка... 06 Февраль 2026 14:35
810021694061298_big.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында таза ичүүчү суу системасы пайдаланууга берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул объект айыл тургундарын сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган социалдык маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат.

Долбоордун алкагында айылдагы суу менен камсыздоо системасын реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Объекттин жалпы сметалык баасы 62 млн сомду түзүп, каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Курулуш-монтаж иштеринин жүрүшүндө жалпы узундугу 15 чакырымдан ашык суу түтүк тармагы тартылып, ар бири 300 куб метр көлөмүндөгү эки темир-бетон суу резервуары курулду. Ошондой эле 12 өрт өчүрүүчү гидрант жана 600 суу эсептегич орнотулуп, бул ичүүчү суунун туруктуу берилишин жана натыйжалуу эсепке алынышын камсыздайт. Мындан тышкары, бактерициддик орнотуу жайгашкан имарат салынган жана зарыл болгон ички инженердик тармактар аткарылган.

Жалпысынан 600 үй чарбасы ичүүчү суу менен камсыз болду.