Мраморное айылындагы суу сактагычтын жеке менчикке өтүп кеткени президентти таң калтырды

Аймак
Мраморное айылындагы суу сактагычтын жеке менчикке өтүп кеткени президентти таң калтырды

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда Мраморное айылындагы дыйкандарды сугат суу менен камсыздаган суу сактагычты муниципалдык менчикке кайтаруу маселеси көтөрүлдү.

Аталган айылдын тургуну Насипбек Мажритовдун айтымында, айылдагы дыйкандардын эгиндерин сугарууга пайдаланылган үч суу сактагычтын бири 2009-жылы жеке жактардын менчигине өтүп, ага кызыл китеп алынган.

Мындан улам дыйкандар чогулуп, суу сактагычты айыл өкмөттүн балансына кайтаруу максатында сотко кайрылышкан. Алгач соттон утуп чыгышканы менен, кийин жаңы жагдайлар аныкталганына байланыштуу иш кайрадан сотто каралып жатканын айтып, президенттен көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Жолугушууга катышкан суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун маалыматына караганда, суу сактагыч алгач айыл өкмөтү тарабынан ижарага берилип, кийин менчиктештирилип кеткен. Андан соң, ал жерде балык өстүрүлүп, бассейн катары пайдаланылган.

Президент элди сугат суу менен камсыздаган суу сактагычтын кантип жеке менчикке өтүп кеткенине таң калып, бул жагдайга түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

Министр бул иштер 1990–2009-жылдар аралыгында болгонун белгилеп, соттун чечими чыккандан кийин суу сактагыч айыл өкмөттүн балансына өткөрүлөрүн билдирди.

Мамлекет башчысы маселени создуктурбай, мыйзам чегинде чечүүнү, ишти көзөмөлгө алып, суу сактагычты айыл өкмөттүн балансына кайтаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.