Ысык-Көлдү таштандыдан тазалап жаткандарга ысык тамак уюштурулат

Коом Загрузка... 02 Декабрь 2025 11:10
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү тазалаган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматынын суучулдарына жана Ички иштер жана Жаратылыш ресурстары, экология, техникалык көзөмөл министрликтеринин кызматкерлерине колдоо көрсөттү.

ӨКМден билдиришкендей, көлдү тазалоону 2023-жылдын март айынан бери өз көзөмөлүнө алган мамлекет башчысы бул жолу да суучулдарга колдоо көрсөтүп, ысык тамак уюштурууга каражат бөлүп берди.

"Учурда акваторияны ар кандай таштандылардан арылтып, браконьерликке биргеликте каршы турган 3 министрликтин кызматкерлери аба ырайынын оор шарттарына карабай көл үстүндө иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин суучулдары суук түшкөндөн тарта сөөк какшаткан суугуна, чыкыроонго карабай тынымсыз тазалашкан. Көл түбүнөн тонналаган таштандыларды, балыктарды тукум курут кылчу браконьерлердин миңдеген километр торлорун алып чыгышкан.

Негизги максаты – Ысык-Көлдүн экочөйрөсүн өнүктүрүп, флора-фаунасын жакшыртып келечек муунга мурас калтыруу.