Ысык-Көлдө ШКУнун 25 жылдыгына арналган ири кинофестиваль ачылды

ШКУ Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 21:55
IMG_4952.jpeg
IMG_4953.jpeg
IMG_4951.jpeg
IMG_4950.jpeg
IMG_4949.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4952.jpeg
IMG_4953.jpeg
IMG_4951.jpeg
IMG_4950.jpeg
IMG_4949.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Эл аралык кинофестивалынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Фестиваль Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган. Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү, режиссёрлор, актёрлор, продюсерлер, маданият ишмерлери жана ардактуу коноктор катышты.

Фестивалды Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев расмий ачты. Ал өз сөзүндө кинематография маданий-гуманитардык кызматташтыктын маанилүү куралы жана элдерди бириктирген эл аралык көпүрө экенин баса белгиледи. Министрдин айтымынде, фестиваль чыгармачылык тажрыйба алмашууга, биргелешкен кино өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана жаңы эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган кесиптик аянтча болууга тийиш.

Ачылыш аземинин алкагында кыргыз режиссёру Эрнест Абдыжапаров башында турган эл аралык калыстар тобу жана фестивалдын сынактык программасы тааныштырылды. Эл аралык сынактык программага сегиз толук метраждуу тасма кирген. Мындан тышкары, сынактан тышкаркы көрсөтүүлөр, ретроспективалар жана маданий программа каралган.

ШКУ өлкөлөрүнүн Эл аралык кинофестивалы 2026-жылдын 19-июлуна чейин уланат.