Путин Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын жыйынтыктарын белгиледи

ШКУ 2 сентябрь 2026 09:20
Путин Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын жыйынтыктарын белгиледи
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн саммитин даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргызстандын аткарган иштерин белгиледи. Бул тууралуу ал 1-сентябрда президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Владимир Путиндин айтымында, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылган мезгилинде Садыр Жапаровдун түздөн-түз катышуусу менен уюмду мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер макулдашылган.

"Саммиттин жыйынтыгында бир катар маанилүү документтер, анын ичинде Бишкек декларациясы жана ШКУнун Хартиясына протокол жактырылды", — деп белгиледи Россиянын лидери.

Ошондой эле Владимир Путин Кыргызстандын ШКУ саммитин даярдоого жана өткөрүүгө жасаган чоң эмгегин баса белгиледи.