Гнассингбе: Көп уюлдуулук жаңы бөлүнүүлөрдү жаратпаш керек

ШКУ 1 сентябрь 2026 19:45
Гнассингбе: Көп уюлдуулук жаңы бөлүнүүлөрдү жаратпаш керек
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе көп уюлдуу дүйнөгө өтүү реалдуулук экенин, бирок бул процесс көп тараптуулукту бекемдөө жана кыйла адилеттүү дүйнөлүк тартипти түзүү менен коштолушу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн "ШКУ+" форматындагы жолугушууда айтты.

Анын айтымында, дүйнөдө жаңы күч борборлору пайда болуп, жаңы экономикалык тең салмактуулуктар түзүлүүдө жана өз үнүн жеткирүүгө умтулган жаңы тараптардын саны көбөйүүдө.

Гнассингбе белгилегендей, Африка үчүн жаңы өнөктөштөрдүн пайда болушу мамилелерди диверсификациялоого, айрым көз карандылыктарды азайтууга жана өзүнүн артыкчылыктарына ылайык өнөктөштөрдү эркин тандоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Көп уюлдуулук жаңы бөлүнүүлөрдү жаратпастан, бизге көбүрөк тандоо мүмкүнчүлүгүн бериши керек", — деди ал.

Ошол эле учурда Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы бир нече күч борборунун болушу автоматтык түрдө адилеттүүлүктүн көбөйүшүн билдирбей турганын белгиледи.

Анын айтымында, көп уюлдуулук атаандаштыктын күчөшү, бөлүнүп-жарылуу жана таасир үчүн күрөш менен коштолушу мүмкүн.

"Биздин максат үстөмдүктүн бир түрүн экинчиси менен же бир блокту бири-бири менен атаандашкан бир нече блок менен алмаштыруу болбошу керек", — деди Гнассингбе.

Ал экинчи маанилүү маселе катары Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону атады. Анын айтымында, БУУ алмашкыс жана чындап универсалдуу жалгыз эл аралык форум бойдон калууда. Бирок заманбап реалдуулуктарды эске алуу менен уюмду терең өзгөртүү зарыл.

Гнассингбе белгилегендей, ири державалардын тирешүүсүндө эл аралык институттар көп учурда ишин толук аткара албай калууда. Ал эми кризистин мүнөзүнө жараша бир эле эрежелердин ар кандай колдонулушу алардын легитимдүүлүгүнө шек келтирүүдө.

Ал ошондой эле Африканын негизги чечим кабыл алуучу органдардагы өкүлчүлүгүн кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

"Бириккен Улуттар Уюмун коргоо — өткөн доордун тартибин коргоо дегенди билдирбейт. Бул уюмду эртеңки күндүн реалдуулуктарына жана чакырыктарына ылайык өзгөртүүнү билдирет", — деди ал.

Ал БУУ, Африка, Шанхай кызматташтык уюму жана башка аймактык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнү сунуштады.

"Биз көп уюлдуулук менен көп тараптуулуктун бирин тандоого тийиш эмеспиз. Тескерисинче, көп уюлдуулукту көп тараптуулуктун жаңы кыймылдаткыч күчүнө айландырышыбыз керек", — деп белгиледи Того өкмөтүнүн башчысы.

Глобалдык Түштүк өлкөлөрү тууралуу сөз кылып жатып, Гнассингбе адилеттүү дүйнөлүк тартип аларга өнүгүү жолун өз алдынча аныктоого реалдуу мүмкүнчүлүк бериши керектигин айтты.

Анын сөзүнө караганда, мамлекеттер өз өнүгүүсүн өз алдынча каржылоого, өз технологияларын көзөмөлдөөгө, жаратылыш ресурстарын кайра иштетүүгө жана өз өлкөлөрүндө кошумча нарк түзүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышы керек.

Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Африканын жаңыдан калыптанып келе жаткан күч борборлору менен өнөктөштүгү өндүрүшкө багытталган инвестицияларга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, чийки затты жеринде кайра иштетүүгө, кошумча нарк түзүүгө жана технологияларды өткөрүп берүүгө негизделиши керектигин белгиледи.

"Африка үчүн көп уюлдуу эл аралык тартиптин кайра түзүлүшү жаңы лагерлердин бирин тандоо зарылдыгын билдирбеши керек", — деп баса белгиледи Гнассингбе.