Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Кытайдын Үрүмчү шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Санариптик экономикалык форуму өттү.
Форумда сөз сүйлөгөн мамлекеттик катчы Арслан Койчиев санариптик трансформацияны экономикалык өсүштүн, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуунун маанилүү фактору катары белгиледи.
Арслан Койчиев Кытайдын санариптик трансформация, жасалма интеллект, электрондук соода жана санариптик инфраструктура жаатындагы тажрыйбасын жогору баалап, аны ШКУ алкагындагы санариптик кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү практикалык булак катары атады.
Мамлекеттик катчы ошондой эле 2026-жыл кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ болгонун белгилеп, санариптик соода, жасалма интеллект жана илимий-техникалык инновациялар багыттарында кызматташууну кеңейтүүгө даярдыкты баса белгиледи.
Өз сөзүндө мамлекеттик катчы ШКУ алкагындагы практикалык кызматташтыктын төрт негизги багытын — санариптик байланыштуулукту, санариптик сооданы жана коридордук экономиканы, жасалма интеллектти практикалык колдонуу жана санариптик башкаруу менен кадрдык потенциалды өнүктүрүүнү белгиледи.
Арслан Койчиев Кыргызстандын демилгеси менен ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жасалма интеллект жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө меморандумга 2026-жылдын 1-сентябрында кол коюлганын айтып, айыл чарба, транспорт, саламаттык сактоо жана экологиялык мониторинг тармактарында биргелешкен пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Мамлекеттик катчы санариптик трансформация өлкөлөрдү бөлбөстөн, экономикаларды, рынокторду, илимий-технологиялык коомчулуктарды байланыштырган жана жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн инструмент болушу керектигин айтты.
Арслан Койчиев Кыргызстандын ШКУнун алкагында заманбап, ачык, коопсуз жана адамга багытталган санариптик мейкиндикти калыптандырууга салым кошууга даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, форумдун алдында мамлекеттик катчы Арслан Койчиев ШУАРдын Партиялык комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян жана ШУАРдын Партиялык комитетинин катчысынын орун басары, ШУАР Өкмөтүнүн төрагасы мырза Эркин Тунияз менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде санариптик экономика, инновациялар жана заманбап технологиялар жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.