Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 25-жыйынына катышты.
Жыйын Тажикстандын Душанбе шаарында тар жана кеңири курамда өттү.
Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:
- 25-жыйындын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;
- Соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруунун алкагындагы иш-чаралар жөнүндө ттчет тууралуу чечим;
- 2026-2030-жылдарга карата иш-чаралар планы жөнүндө чечим;
- ШКУнун 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Финансылык отчет тууралуу чечим;
- ШКУнун 2027-жылга карата бюджети жөнүндө чечим;
- Туруктуу органдарды котормочулук жактан камсыздоо жөнүндө чечим;
- Туруктуу органдардын кызмат адамдарын акчалай камсыздоо жөнүндө жобого толуктоо киргизүү тууралуу чечим;
- Мультимодалдык жүк ташуулар үчүн санариптик платформаны түзүү концепциясы жөнүндө чечим;
- Өнөр жай чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлордун маалыматтар банкы жөнүндө жобо тууралуу чечим.