Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖ ректорлорунун форуму өтөт

Коом Жүктөлүүдө... 29 Июль 2026 09:45
WhatsApp Image 2026-07-29 at 09.24.16.jpeg

Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунда Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму өтөт.

Илим министрлигинен билдиришкендей, бул жолу иш-чара “Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүү, илим жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” деген теманын алдында уюштурулууда.

Иш-чаранын программасында пленардык жыйын, жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган меморандумдарга жана макулдашууларга кол коюу аземи, студенттик стартаптардын көргөзмөсү жана бир катар панелдик сессиялар каралган.

Форумга эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.