Ысык-Көл, 03.08.26. /Кабар/. Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлгөн F1H2O чемпионатынын этабынын алкагында Ысык-Көлдүн жээгинде белгилүү аткаруучуларды жана жүздөгөн көрүүчүлөрдү чогулткан ири масштабдуу концерттик программа уюштурулду.
Майрамдык кечеде Toshi, Weetwinz бий тобу, Баястан, Бегиш, Freeman996, Малика Дина, JAXX, Virus Vocal & DJ, BAKR, Thomas NeverGreen Live Band жана Dibillions чыгармаларын аткарышты.
Кеченин өзгөчө учуру – флайборд шоусу болду. Ошондой эле фейерверк да майрамдык маанайга кооздук берди.
Эске сала кетсек, 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу суудагы “Формула-1” жарышы өттү. Мындай деңгээлдеги мелдешти өткөрүү аймак үчүн маанилүү окуя болуп, Кыргызстандын ири эл аралык спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын тастыктады.