Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында алгачкы ирет масштабдуу Экофорум өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Форумга Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш мурастарын сактоо стратегиясын иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, экология боюнча эксперттердин, коомдук уюмдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышат.
Иш-чаранын алкагында саркынды сууларды тазалоо боюнча практикалык чечимдер иштелип чыгып, атайын жумушчу топ түзүлөт. Ошондой эле аймактагы экологиялык көзөмөлдү күчөтүү демилгеси сунушталат.
Баяндамачылар көлгө болгон негизги коркунучтарды, ошондой эле аларды жеңүү жолдорун – сууну тазалоонун заманбап технологияларынан тартып мыйзам чыгаруу демилгелерине чейин талкуулашат.
Эскерте кетсек, форумду Ысык-Көл облустук администрациясы SKY Tunuk компаниясы менен биргеликте уюштурууда.