Ысык-Көл жана Талас: Турак жайды камсыздандыруу маданияты өстү

Коом Загрузка... 18 Март 2026 16:50
WhatsApp Image 2026-03-18 at 12.55.40.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Турак жайды камсыздандыруу — бул үйдү же батирди күтүлбөгөн кырсыктардан каржылык жактан коргоо болуп саналат. Өлкөдө камсыздандыруу иш-чаралары мыйзамдуу түрдө киргизилгенден бери, жарандардын турак жайын күтүлбөгөн кырсыктардан коргоо маданияты өсө баштады.

Кыргызстандын турак жай фондунда катталган турак жайлардын саны 1 млн 296 миңден ашат. Бүгүнкү күндө 345 миң турак жай камсыздандырылган (27,4%).

Алсак, 2025-жылы 247 жаранга жана мекемелерге 31 млн 878 миң сом төлөнүп берилген. Ал эми жыл башынан берки бул көрсөткүч 17 млн 327 миң сомду түзөт. Атап айтканда, бул арада 57 жаранга кенемте төлөнгөн.

Мындай көрсөткүчтөр өлкөнүн аймактарында дагы жогорулап жатат. Былтыркы жылы Талас облусунда жарандарга 666 миң сом төлөнүп берилсе, Ысык-Көл облусунда 1 млн 586 миң сом өлчөмүндөгү каражаттар төлөнгөн.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Талас филиалынын директору Азим Маразыков белгилегендей, облуста турак жайын камсыздандыруу маданияты өсүүдө.

“Былтыркыга салыштырмалуу быйыл турак жайларын камсыздандырган жарандардын саны өсүп жатканы байкалууда. Филиал тарабынан ар бир айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мекемелерде атайын чогулуштар өткөрүлүүдө”, — деп белгиледи директор.

Маразыковдун айтымында, 2025-жылы Талас облусунда турак жайы зыянга учураган жарандарга 666 миң сом төлөнүп берилген.

Былтыркы жылы зыянга учураган турак жайлардын саны:

  • Айтматов районунда — 2 турак жай;
  • Бакай-Ата районунда — 2 турак жай, 3 социалдык объект;
  • Талас районунда — 2 турак жай;
  • Манас районунда — 2 турак жай.
“Ал эми 2026-жылдын башынан тарта бүгүнкү күнгө чейин облус боюнча 2 турак жай зыянга учурап, жарандарыбызга 82 миң сом акча каражаты төлөнүп берилди”, — деп белгиледи ал.

Ошондой эле 2025-жылы камсыздандыруунун бардык түрлөрү боюнча 2 млн 329 миң сом акча каражаты төлөнүп берилген. Андан сырткары, жыл башынан берки бул көрсөткүч 1 млн 627 миң сомду түзгөн.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ысык-Көл филиалынын директору Нурлан Абдыкеевдин билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылы облуста 37 турак жайга 1 млн 586 миң сом төлөнүп берилген.

“Негизи, Ысык-Көл облусунда 99 миң 495 турак жай катталган. Былтыркы жылга салыштырмалуу жарандардын турак жайын камсыздандыруу жоопкерчилиги өстү. Анын ичинен Каракол шаарында турак жайын камсыздагандардын саны көп катталууда.
Ошондой эле облустун район жана шаарларында инспекторлорубуз, агенттерибиз бар. Алар жеринен барып, жарандардын турак жайларын камсыздандырууга аракет жасашат. Ошондой эле үймө-үй кыдырууга дагы чыгып жатабыз. Мындан ары дагы район борборлоруна, айыл өкмөттөрүнө барып, маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз улантылат”, — деди директор.