"Ынтымак Ордодо" балдардын укуктары жана аял лидерлиги боюнча жыйын өттү

Коом Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү.

Жыйынга Улуттук кеңештин 34 мүчөсү катышып, Кыргызстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын жетекчилиги алдында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттик коомчулук жана эл аралык өнөктөштөр чогулушту.

Күн тартибинде чет өлкөлөрдөн репатриацияланган балдардын укуктарын коргоо жана аларга камкордук көрүү, балдардын адеп-ахлактык тарбиясы, өлкөдөгү аял лидерлерди өнүктүрүү программасы, ошондой эле социалдык контрактты ишке ашырууга байланышкан маселелер каралды.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн аткарган иштери боюнча маалымат берип, бир катар сунуштарды айтышты.

“Ар бир мекеме өзүнүн аткарган иштери тууралуу маалымат берди. Ошондой эле сунуштар айтылды. Социалдык контрактты ишке ашырууда методологияны өркүндөтүүгө, жарандардын психологиялык ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууга жана бардык жарандарга бирдей мамиле жасоого басым жасалды”, – деди Асел Чынбаева.