Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Япониянын Нагоя шаарынын өкүлдөрү ”Бишкекжылуулуктармагы“ муниципалдык ишканасына барып, жылуулук менен камсыздоо системасынын иши жана колдонулган технологиялар менен таанышты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, делегацияга автоматташтырылган жылуулук пунктунун, борбордук диспетчердик пункттун жана насостук станциянын иштөө тартиби көрсөтүлдү.
Ошондой эле программалык камсыздоо жана санариптик чечимдер тууралуу маалымат берилди.
Белгиленгендей, иш сапар тажрыйба алмашууга багытталган. Нагоя шаарынын өкүлдөрү Бишкектин башка муниципалдык ишканаларына да барышты.