Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камерасы орнотулууда

Коом 10 октябрь 2026 19:56
Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камерасы орнотулууда
copyright icon WWW

Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда ”Коопсуз өлкө“ долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, камералар кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоого, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып, коомдук коопсуздукту камсыздоого, кылмыштуулуктун алдын алууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.