"Коопсуз өлкө": ИИМ ири иш-чараларды санариптик камералар менен көзөмөлдөдү

Коом 2 сентябрь 2026 09:10
copyright icon ИИМ

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги Кыргызстанда өткөн ири иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн санариптик видеокамералардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда.

ИИМдин маалыматына караганда, коомдук жайлардагы кырдаал заманбап видеокөзөмөл системалары аркылуу көзөмөлдөндү.

Белгилей кетсек, санариптик видеокамералар "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында орнотулган.

Министрликтин маалыматы боюнча, долбоордун негизги багыты — коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана жарандар үчүн коопсуз шарттарды түзүүдө заманбап технологияларды колдонуу.