Бишкек, 05.09.26. /Кабар/. Италиядан келген турист Федерико Моми Кыргызстанда бир жума болуп, өлкөнүн жаратылышы, элинин меймандостугу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан алган таасири менен “Кабар” агенттигине бөлүштү.
Анын айтымында, 11 адамдан турган туристтик топтун планы башкача болгон. Алар Ысык-Көлдүн түштүк аймагын кыдырууну көздөшкөн. Бирок сапардын жүрүшүндө Көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат алып, маршрутун өзгөртүп, оюндар өтүп жаткан жайга келишкен.
”Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келүү алгач биздин планыбызда жок болчу. Бирок бул жакта абдан көп кызыктуу көрсөтүүлөрдү көрдүк”, — деди ал.
Федерико Моминин айтымында, туристтер кыргыздын улуттук сувенирлерин жана белектерин сатып алышкан. Алардын арасында кыргыздын улуттук баш кийимдери — калпактар да бар.
”Биз Кыргызстанда өзүбүздү үйүбүздөгүдөй сездик. Эч кандай коркунучту сезген жокпуз. Баары абдан жакшы болду” , — деди италиялык турист.
Ал Кыргызстанга негизинен тоолорду жана кооз жаратылышты көрүү үчүн келгенин белгиледи. Ошол эле учурда өлкө тууралуу күткөндөн да көп нерсени билип, кыргыз элинин меймандостугуна өзгөчө суктанганын айтты.
”Биз Кыргызстанга негизинен тоолорду жөө кыдыруу үчүн келгенбиз. Бирок бул жерде дагы көп нерсени көрүп, билдик. Элиңиздер абдан меймандос экен. Коопсуздук жагынан да өзүбүздү толук ишенимдүү сездик”, — деп белгиледи Федерико Моми.
Анын айтымында, Кыргызстанда өткөргөн бир жума ичинде туристтик топ эч кандай коопсуздукка байланыштуу көйгөйгө туш болгон эмес жана өлкөдөн жакшы таасирлер менен кайтууда.