Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Чүй облусун өнүктүрүүнүн алкагында аймакта жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында жолдор оңдолуп, социалдык объекттер жаңыланып, инфраструктура өзгөрүүдө. Бул тууралуу Чүйдүн мурдагы Орок айыл өкмөтүнүн, учурдагы Бишкек шаарынын тургуна Гулайым Табалдиева облустун 100 жылдыгына арналган иш-чарада “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары жолдорду куруу жана оңдоо иштери ылдамдап, Бишкек шаар менен Чүй облусун байланыштырган жолдордун абалы кыйла жакшырды.
“Мурдагыга салыштырмалуу азыр жолдор абдан тез оңдолуп, сапаттуу салынып жатат. Шаарды Чүй облусу менен байланыштырган жолдор жакшы оңдолуп, иштер толук бүткөрүлдү”, — деди ал.
Ошондой эле ал аймакта жаңы ишканалар ишке киргизилип, ири курулуштар жүрүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, социалдык инфраструктураны жакшыртуу багытында да иштер жүргүзүлүүдө.
“Мектептер оңдолуп, жаңы билим берүү мекемелери да пайдаланууга берилүүдө. Селекция айылындагы эски мектеп толук оңдолду. Мындай өзгөрүүлөрдүн баары эл үчүн маанилүү”, — деп белгиледи Табалдыева.
Ал өлкөдө, анын ичинде Чүй облусунда президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан иштер аймактын өнүгүшүнө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, күн мурун Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чара Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында өттү.