Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "Кыялымдагы Кыргызстан – Чүй" аттуу жаштар форуму өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага министрдин орун басары Союзбек Надырбеков катышты.
Ал жаштарды сапаттуу билим алууга, жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, жаңы демилгелерди көтөрүүгө жана коомдук турмушка активдүү катышууга чакырды. Ошондой эле жаштардын өз идеяларын ишке ашыруусу өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошорун белгиледи.
Форум жаштардын демилгелерин талкуулоого, келечекке болгон көз караштарын бөлүшүүгө жана өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу сунуштарын айтууга аянтча болду.